24.kg
14:45, 20 декабря 2018, 24.kg

«КСДП Атамбаевсыз». Съездге Алмазбек Атамбаевди расмий түрдө чакырышат

Партия экс-президент Алмазбек Атамбаевдин менчиги эмес. Бул тууралуу «КСДП Атамбаевсыз» кыймылынын партиялык жыйынында айтылды. Жыйын Бишкектеги Октябрь районунда өттү.

Кыймылдын лидери Сагынбек Абдрахмановдун айтымында, саясий уюмда эч кандай жик жок. Партия бар, Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары бар.

«Жакынкы аралыкта биз өткөрө турган съездге мурунку президент Алмазбек Атамбаевди расмий түрдө чакырабыз. Андан тышкары депутат Ирина Карамушкина, Фарид Ниязов чакырылат. Алмазбек Атамбаев КСДПнын лидери болууга татыктуу экенин тастыктасын. Бирок, ал келбейт. Ал эми аны партиядан чыгаруу тууралуу маселени талкууга алабыз, маселени добуш берүүгө коебуз», -деди Сагынбек Абдрахманов.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18