24.kg
11:42, 20 декабря 2018, 24.kg

Улуттук банк өркүндөтүлгөн банкноталарды жүгүртүүгө чыгарат

Улуттук банк 20-декабрдан тартып өлкө аймагында улуттук валютанын IV сериясындагы 2016-жылдагы үлгүдөгү 20 жана 5000 сом номиналындагы өркүндөтүлгөн банкноталары жүгүртүүгө чыгарыла тургандыгын билдирет. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди. 

Photo 99022

2016-жылдагы үлгүдөгү 20 жана 5000 сом номиналындагы банкноталар улуттук валютанын IV сериясындагы өркүндөтүлгөн банкноттордун пландуу жаңыртуусун аяктайт.

IV сериясындагы 2016-жылдагы үлгүдөгү 20 жана 5000 сом номиналындагы өркүндөтүлгөн банкноталар төмөнкүлөрдү камтыйт:

· Классикалык ыкма менен даярдалган, даана так көрүнгөн портрет.

· MASK-элементи. Жарыкка салып кароодо «сом» деген сөз көрүнөт (5000 сом банкнотунда гана).

· Чыгарылган жылы: 2016.

Улуттук валютанын IV сериясындагы өркүндөтүлгөн банкноттору Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө мурда чыгарылган 1, 10, 50 тыйын, 1, 5, 10, 20, 50, 100, 200, 500, 1000 жана 5000 сом номиналындагы банкноттор менен чогуу жүгүртүүдө болот. 

Photo 99023

Улуттук валютанын бардык банкноттору Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ жана чыгырылган жылына көз карандысыз төлөм каражаты катары милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18