24.kg
10:06, 20 декабря 2018, 24.kg

Кош жарандуулук. БШК депутаты мандатынан ажырады

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы шаардык кеңештин депутаты («Республика — Ата Журт») Коргонбай уулу Жусупбекти мөөнөтүнөн мурда ыйгарым укуктан ажыратты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов билдирди.

Айтымында, анын депутаттык ыйгарым укутан ажыратылышына кош жарандуулук себеп болгон. Коргонбай уулу Жусупбек Орусиянын жараны делүүдө.

«Шайлоо комиссиясына Орусиянын Адилет министрлигинен кат келди, анда Коргонбай уулу Жусупбек 2007-жылы жарандык алганы айтылат. 2018-жылдын июлунда ал Орусиянын Түндүк Измайлов району боюнча ОИИБнын ички миграция бөлүмүнө Кыргызстандын жарандыгы бар экендиги тууралуу маалымат берген. Орусиянын ИИМдин тизмесинде анын Орусиянын жарандыгынан чыккандыгы тууралуу маалымат жок», -деди Кайрат Маматов.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18