24.kg
08:49, 20 декабря 2018, 24.kg

Казак өкмөтү Сириядан 91 баланы алып келди

Акыркы эки жыл аралыгында Сириядан Казакстанга 91 бала кайтарылганын 19-декабрда Астанадагы жыйында казак расмий өкүлдөрү билдиришти.

Казакстандын Билим берүү жана илим министрлигинин балдар укугун коргоо комитетинин төрага орун басары Ержан Ерсаиновдун айтымында, Сириядан кайтарылган 39 үй-бүлөнүн 91 баласы өлкөнүн тогуз аймагындагы реабилитациялык борборлордо жашап жатат. Алар менен атайын иш жүргүзүлүп жатат.

Казакстандын Улуттук коопсуздук боюнча комитети быйыл июль айында «Азаттык» радиосунун казак кызматына берген маалыматына караганда, Сирия менен Ирактагы эл аралык террористтик уюмдардын катарында Казакстандан 120дай эркек, 250дөн ашуун аял, 500дөй бала болгон.

Ага чейин быйыл мартта Улуттук коопсуздук боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Нургали Билисбеков Сириядан Казакстанга кайтарылган 125 адамдын 57си соттолгонун, калгандары байкоо алдында экенин билдирген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18