24.kg
17:55, 19 декабря 2018, 24.kg

Жемкорлук тууралуу маалымат берген жарандарга сыйлык берүү сунушталды

Жемкорлук тууралуу маалымат берген жарандарга сыйлык берилет. «Жемкорлук тууралуу билдирген жарандарды коргоо тууралуу» Мыйзамга оңдоо киргизүү демилгесин Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Наталья Никитенко көтөрүп чыкты.

Айтымында, жарандар тууралуу маалымат жашыруун сакталат. Алар автоматтык түрдө күбөлөрдү коргоо программасына кирет. Мындан тышкары кылмыш иликтеген түзүмдөр жемкорлук тууралуу маалымат берген жаранга, эгерде маалымат аныкталса сыйлык бериши керек.

«Жарандарга сыйлык берүү фонду коррупциялык схемаларды ачуунун жыйынтыгында алынган каражаттан түзүлөт», -деди Наталья Никитенко.

Депутаттын айтымында, маалымат жалган эмес, чындык болуп жана толук берилиши керек. Жалган маалымат үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган.

 
Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18