24.kg
16:45, 19 декабря 2018, 24.kg

Ош—Исфана жолундагы кырсыкта ата-бала каза болду

Ош—Исфана унаа жолунун 24-чакырымында жол кырсыгы катталып, кесепетинен 2 киши каза болду. Бул тууралуу Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, Ноокат районунун 1961-жылы туулган тургуну «Дэу Матиз» унаасын башкарып келе жатып жолдо бузулуп, токтоп турган «Вольво» үлгүсүндөгү унааны сүзүп токтогон. Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу жана анын атасы каза болду.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18