24.kg
16:15, 19 декабря 2018, 24.kg

Адам уурдаганга шектүү жарандар кармалды

Бишкекте уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкармалыктын кызматкерлери адам уурдаганга шектүү жарандарды кармашты. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

«Кылмышка шектүүлөр жарандан 50 миң доллар талап кылышкан. Алар 2 миң долларды тез ара таап беришин талап кылып, үйүнүн ачкычын тартып алышкан. Кылмышка шектүүлөр жаранды өлтүрөбүз деп коркутушкан», -деп билдиришти ИИМден.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголду.

Атайын операциянын жүрүшүндө кылмышка шектүүлөр кармалды. Алар жаранды барымтада ижарага алынга үйдө кармашкан. Колго түшкөн 3 жарандын экөө буга чейин соттолгондугу аныкталды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18