24.kg
15:36, 19 декабря 2018, 24.kg

Президент Кыргызстандан депортацияланган журналисттин өтүнүчүн укту

Президент Сооронбай Жээнбеков «Франс Пресс» агенттигинин журналисти Крис Риклтондун депортацияланышы тууралуу ишти териштирүүгө тапшырма берди. Бул тууралуу ал маалымат жыйында билдирди.

Айтымында, ал 2017-жылы өлкөдөн депортацияланган журналисттин айланасындагы абалды жакшы билет.

«Мен көрсөтмө бердим. Мага жообун билдиришкенде сиздерге жарыялайм», -деди президент.

Эске салсак, Улуу Британиянын жараны Крис Риклтон президентке аны Кыргызстанга киргизүүнү суранып кайрылган.

«Франс Пресс» маалымат агенттигинин журналисти Крис Риклтонго УКМКнын чечими менен былтыр декабрда визалык режимди бузгандыгы үчүн республиканын аймагына кирүүгө тыюу салынган. Ал акыркы 7 жылдан бери Кыргызстанда жашап, иштеп келген. Анын жубайы Кыргызстандын жараны.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18