24.kg
13:43, 19 декабря 2018, 24.kg

Кыргызстанда кол тийбестик болбошу керек. Президент катуу көзөмөл тууралуу

Кыргызстанда кол тийбестик болбошу керек. Бул тууралуу маалымат жыйында президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

«Мен мурунку президент менен эч кандай күрөш жүргүзгөн жокмун. Мен иштеп жатам, өз жолум менен кете берем. Элге эмне убада кылсам, ошону аткарам», -деди ал.

Ал кошумчалагандай, өлкөдө көп көйгөй бар. Буга бийликтин дагы күнөөсү бар.

«Тартип сакчылары адам өлтүргөндөрдү, зордукчулдарды кое берип жатат. Кыргызстанда кол тийбестик болбошу керек. Мыйзам баарына бирдей. Эгерде прокурор ишти ачып, кайра жаап отурса кандай тартип тууралуу кеп кылса болот? Катаал көзөмөл керек. Кылмышкерлер биздин арабызда болбошу керек», -деди Сооронбай Жээнбеков.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18