24.kg
11:50, 19 декабря 2018, 24.kg

Президент КСДПда жик чыгарган күнөөлүүлөрдү башка жерден издөөнү сунуштады

Президент Сооронбай Жээнбеков КСДПда жик чыгарган күнөөлүүлөрдү башка жерден издөөнү сунуштады. Бул тууралуу ал маалымат жыйында билдирди.

Мамлекет башчы билдиргендей, ал партияда мүчө катары бир жыл гана турган эмес. Президенттик кызматка келгенде гана мүчөлүктөн чыккан.

«Мен партиянын катарындагы мүчөсү эмесмин. Мен көп жылдар бою эң оор учурларда жетекчилик кызматтарда турган кишимин. Биздин партиянын чыңдалышы үчүн эмгектенгем. Азыккы абалы мени абдан тынчсыздандырат. Бул партияда биздин жаштыгыбыз өткөн. Партиянын бөлүнүшүнө күнөөлүүнү Жээнбековдон эмес, башка жактан издеш керек», -деди президент.

Ал «КСДП Атамбаевсиз» кыймылына катыштыгы жок экендигин айтты.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18