24.kg
11:25, 19 декабря 2018, 24.kg

«Коопсуз шаар». Долбоор ишке ашкандан кийин өлкө 5 миллиард 300 миллион сом алат

Парламентте «Коопсуз шаар» долбоору талкуулануда. Буга чейин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев билдиргендей, 2019-жылдын 25-январынан тарта аппараттык орнотуулар тесттик түрдө пайдаланылат. 10-февралдан тартып долбоор өндүрүштүк форматта ишке кирет.

Депутаттар «Коопсуз шаар» үчүн мамлекеттик казына бир тыйын дагы коротпогондугун эске алганда, мамлекет долбоорду ишке ашыруудан канча акча алат деп кызыгышты.

Долбоорду ишке ашыргандан кийин Кыргызстан 5 миллиард 300 миллион сом алат.

Жогорку Кеңеште маалым болгондой, «Коопсуз шаар» долбоорун ишке киргизүү менен ар бир бурулушта турган тартип сакчыларына муктаждык болбой калат. Жол эрежелерин бузгандарды тескөөчүлөр камера аркылуу аныктаса болот.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18