24.kg
10:25, 19 декабря 2018, 24.kg

Зарылбек Рысалиев президентти Алмазбек Атамбаевди кечирип коюуга чакырды

Депутат Зарылбек Рысалиев бүгүн пленардык отурумда президент Сооронбай Жээнбековду мурунку мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевди кечирип коюуга чакырды.

Эл өкүлүнү айтымында, бул тирешүүлөр өлкөдөгү абалга терс таасирин берүүдө. Ал тургай коңшулардын алдында өлкө шылдыңга кабылып жатат.

Зарылбек Рысалиевдин айткандарын уккан кесиптештери аны алкап кол чаап жиберишти.

Буга чейин Алмазбек Атамбаев «Апрель» телеканалына берген маегинде мураскери тууралуу терс пикирин билдирип, Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин алдыга чыгаргандыгы анын катасы болгондугун айткан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18