24.kg
09:45, 19 декабря 2018, 24.kg

Экинчи Бурулай. Жабырлануучунун жактоочулары өкүмгө даттанышпайт

Ала качуунун курмандыгы болуп зордуктоого дуушар болгон кыз  тараптын жактоочулары Ленин райондук сотунун өкүмүнө каршы даттанышпайт. Бул тууралуу 24.kg агенттигине «Кылым шамы» укук коргоо борборунун башчысы Азиза Абдирасулова билдирди.

Айтымында, кыздын апасы утурлама арыз жазды. Бул жагдайда соттолуучу зордуктоого күнөөлөнүп, кыздын өз эркинен тышкары зордукталса дагы юристтер апелляцияга бере алышпайт.

«Адамды уурдоо тууралуу берене боюнча бала жана анын эжеси 3 жыл шарттуу кесилди. Бирок, бул чечимге каршы даттанбайбыз. Аппеляцияга прокурорлор беришет», -деди Азиза Абдирасулова.

Эске салсак, 10-июнда кызды күч колдонуп унаага салып ала качып кетишкен.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18