24.kg
15:58, 18 декабря 2018, 24.kg

Кытай лагеринен Кыргызстандын жараны бошотулду

Кытайдын тарбиялоо лагеринен Кыргызстандын жараны Абылет Турдакун бошотулду. Бул тууралуу Кытайдагы кыргыздарды колдоо комитети маалымдады.

Алардын билдирүүсүндө, Абылет Турдакун өзү байланышка чыгып, азаттыкка чыккандыгын маалымдаган.

«Ал бизден ашыкча суроо бербөөнү өтүндү. Дагы эле көзөмөлдө болсо керек. Учурда атасы ооруп, анын жанында болорун айтты. Качан Кыргызстанга келери белгисиз», — дейт комитет өкүлдөрү.

Абылет Турдакун 2016-жылы Кыргызстандын жарандыгын алган. Ал 2017-жылы Кыргызстандан Кытайга барган күнү кармалган.

Айрым маалыматтарга караганда, Кытайдын бир эле Акчий районунан 22 миңдей кыргыз атайын лагерлерде кармалууда. 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18