24.kg
14:42, 18 декабря 2018, 24.kg

Жамшитбек Калилов пара алуу боюнча кылмыш иште күбө катары өтүүдө

Унаа жана жолдор министрлигинин мурунку башчысы Жамшитбек Калилов орун басары Азимкан Жусубалиевдин пара алгандыгы тууралуу иш боюнча суракка чакырылды. Бул тууралуу журналисттерге УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын директору Сагынбек Исмаилов билдирди.
 
Айтымында, Жамшитбек Калиловду күбө катары суракка алышты.
 

Сагынбек Исмаилов билдиргендей, тергөөнүн жүрүшүндө Жамшитбек Калиловдун аракетине юридикалык баа берилет.

Эске салсак, 5-декабрда аты аталган министрдин орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Президенттин сынынан кийин Жамшитбек Калилов кызматтан кеткен.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18