24.kg
12:20, 18 декабря 2018, 24.kg

Өзбекстан премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга келди

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов  Кыргызстан жана Өзбекстан Республикасынын чектеш облус жетекчилер Кеңешинин экинчи жыйынынын ишине катышуу үчүн өлкөбүзгө келди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Кеңештин экинчи жыйыны бүгүн, 18-декабрда, Ош шаарында өтөт. Эки өлкөнүн аймактарынын ортосунда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулоо пландалууда.

Кыргыз делегациясынын курамына министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери, Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ошондой эле чектеш аймактардын аймактык башкаруу органдарынын жетекчилери кирген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18