24.kg
11:43, 18 декабря 2018, 24.kg

Бүгүн Кыргызстандын муфтийи Сауд Арабиясына жөнөп кетет

Бүгүн муфтий Максатбек ажы Токтомушев Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык министрлигинин чакыруусу менен Сауд Арабиясына жөнөп кетет. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушууга Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов, Жарандык авиациянын өкүлү жана Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын ажылык-умра бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев барышат.

Эки тараптуу жолугушуунун алкагында ажалык жаатында 2019-жылы боло турчу жаңылыктар, жетишкендиктер тууралуу кеп болот. Муну менен катар 2019-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча келишимдерге кол коюлаары күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, 2016-2017-жылдары ажылыкты уюштуруу боюнча  Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык министрлиги Кыргызстанды эң мыкты деп атап, атайын ардак баракча менен сыйлаган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18