24.kg
09:45, 18 декабря 2018, 24.kg

Эс алуу багында салына турган үй боюнча укук коргоочулар сотко кайрылышат

«Биздин укук» коомдук фондунун өкүлдөрү Түштүк Магистралдагы эс алуу багындагы 8 кабаттуу үйдүн курулушу боюнча Аламүдүн райондук прокуратурасына кайрылууну көздөп жатат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине уюмдун башчысы Калича Умуралиева билдирди.

Айтымында, Асылбек Матиевдин компаниясы жүргүзүп жаткан курулуштун ордуна план боюнча эс алуу багы болушу керек.

«Бул мыйзамды орой бузгандык. Биз прокуратурага арызданабыз, сотко кайрылабыз. Аламүдүн айыл өкмөтүнүн жетекчилиги кандай негизде уруксат берди, жооп берүүгө милдеттүү», -деди Калича Умуралиева.

Аталган райондун башкы архитектору Мелис Мырзакулов билдиргендей, Бишкектин планынын көчүрмөсүн алган. Анда окурмандар көрсөткөн сүрөт боюнча турак-жайдын орду көрсөтүлгөн.

Эске салсак, 24.kg агенттигине окурмандар Байтик Баатыр көчөсүндөгү эс алуу багынын аймагында бир түндө тосмолор орнотулганын айтышкан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18