24.kg
16:39, 17 декабря 2018, 24.kg

Көкөмерен суусуна түшүп кеткен тогуз жашар бала изделүүдө

Нарын облусунун Жумгал районундагы Көкөмерен суусуна түшүп кеткен 9 жашар бала изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМ маалымдайт.

Кабак айылынын тургуну 2009-жылы туулган Байзак Какинов 7-декабрда сууга колун жууганы кеткен бойдон жоголгон.

Туугандарынын айтымында, Байзак мектептен келип, дарыядан суу алып келгени кеткен. Колун жууп жатып, сууга кулап түшкөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрилигинин куткаруучулары төрт күн баланы издеп табышкан эмес. Маалым болгондой, учурда туугандары издөө иштерин өз алдынча улантууда. Алар коомчулуктан жардам сурашат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18