24.kg
11:30, 17 декабря 2018, 24.kg

Суроо-жооп. Телефон аркылуу талак берүүнүн жол-жобосу

24.kg агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.

Суроо: Телефон аркылуу талак берип, ажырашып кетсе болобу?

Жооп: Эгер күйөөсү аялына талакты телефондон смс жазып, же үнүн жаздырып, же электрондук кат жазып жиберсе, анда талак жарактуу болуп саналат.

Негизи айтылган сөз ажырашуу оюн так билдирсе, ал кандай жол менен айтылганы маанилүү эмес. Эгер ажырашуу боюнча сөз анык айтылбаса, анда аны тактоо талап кылынат.

Талак жазылган кезде эркектен канча талак берип жатканын да сураш керек.

Дин ажырашуу маселесине жоопкерчиликтүү карайт. Андыктан, талакты айтуудан мурда ойлонуп чечим кабыл алган оң. Бул тууралуу «Үч кырдаалда тамаша олуттуу кабыл алынат. Ал — нике, кулга эрдиндик жана ажырашуу», — деп айтылат динде.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18