24.kg
15:20, 14 декабря 2018, 24.kg

Асел Кодуранова вице-спикерлик кызматтан кетти

Асел Кодуранова парламенттин вице-спикерлик кызматынан кетти. КСДП фракциясынын мүчөлөрү көпчүлүк добуш менен аны кызматтан алышты. Отурум жабык эшик артында болду.

Вице-спикер Асел Кодуранова 12-декабрда пленардык отурумда күндүн темасына мурунку саясатчы Өмүрбек Бабановдун саясий куугунтукталышы тууралуу маселени киргизген болчу.

Төрага Дастанбек Жумабеков алгач Өмүрбек Бабанов темасын комиетте талкуулап, анан палатага алып чыгалы деп сунуштаган. Бирок, кийинчерек депутаттык корпустун көпчүлүгү бул маселени талкууга алууга каршы экенин билдиришкен. Маселе күндүн темасынан алынып салынган.

КСДПнын мүчөлөрү Асел Кодуранованын Бабанов тууралуу талкууну алып чыккан чечимин демарш катары баалашууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18