24.kg
14:29, 14 декабря 2018, 24.kg

Тарых музейинин ачылышы 2019-жылдын алгачкы айларына пландалууда

Тарых музейинин ачылышы 2019-жылдын алгачкы айларына пландалууда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирди.

Айтымында, козголгон кылмыш иштеринин айынан жабдыктарды алып келүү убактылуу токтотулган. Музейдин ачылышын укук коргоо органдары менен бирге иштеп чыгуу керек.

«Музей жаңырган жылдын январь же февраль айында ачылат. Бул маселе көзөмөлдө», деди ал.

Ал билдиргендей, музейге баардык мүлк-шаймандар коюла элек.

Эске салсак, музейдин имаратын кабылына келтирүү үчүн бөлүнгөн бюджеттик каражат мыйзамсыз түрдө пайдаланылган деген айып менен кылмыш иши козголгон. Анда мамлекетке келтирилиген жалпы чыгым 118 миллион 215 миң 200 сомду түзгөн.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18