24.kg
13:51, 14 декабря 2018, 24.kg

Мамлекеттик кароол кызматы кыскартылды

Мамлекеттик кароол кызматы кыскартылды. Бул тууралуу бүгүн Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Өлкө башчысынын маалыматында, мамлекеттик кароол кызматы кыскартылып, 80ни чек ара кызматына өткөрүлдү.

«Ошондой болсо да Мамлекеттик чек ара кызматы ишин алгылыктуу алып барбай жатат. Аларда азыр баардык шарттар бар. Чек ара бекеттери толук оңдоодон өтүп, керектүү жабдуулар менен жабдылды. Бирок, иши начар. Жакында эле чет элдик жаранды атайын ары-бери чуркатышыптыр. «Акжол» постунан өтүп жатканда паспортуна мөөр баспай, аэропортто бир нече саат кармап, кайра артка жөнөткөн. Ошону аэропорттон телефон аркылуу эле билип коюшса болот го», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Коопсуздук кеңешинин бүгүнкү жыйынында өлкөнүн санариптүү өнүгүүсү талкууланды. Өлкө башчысы 2019-жылдын аягына чейин баардык мамлекеттик кызматты электрондоштурууну, аймактарда Data центрлерди түзүүнү буйруду.  Санариптүү өнүгүү концепциясы вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун жетекчилигинде ишке ашат. 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18