24.kg
10:22, 14 декабря 2018, 24.kg

Бишкектеги «Жал-15» кичирайонунда бактарды мыйзамсыз кыйышкан

Бишкектеги «Жал-15» кичирайонунда бактарды мыйзамсыз кыйышкан. Бул тууралуу социалдык түйүндүн колдонуучусу Александра Васютина жазып чыкты.
 
Айтымында, кечээ № 31 үйдүн 1,47,50-батирлердин тургундары короодогу 15 жыл мурда отургузулган 3 теректи кыйышкан.

«Батирлердин ичи караңгы болуп атат деген шылтоо менен кыйышты. Алар турак жай ээлигинин шериктигинин төрагасы уруксат берди дешкени менен төраганын маалыматы жок. Мэрияга телефон чалып, майнап чыгара алган жокпуз, анткени бул муниципалдык жер эмес. Биздин үйдүн жанында ансыз деле эс алуу багы жок», -деп жазган тургун.
 
 
 
Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18