24.kg
10:06, 14 декабря 2018, 24.kg

Айтматовдун 90 жылдыгы. Лондондо Евразиялык Гильдиянын жолугушуусу болду

Лондондо жазуучу Чыгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган Евразиялык чыгармачылык Гильдиянын жолугушуусу болду. Бул тууралуу аталган Гильдиянын мүчөсү Азим Акматов 24.kg агенттигине билдирди.

Photo 98193

Айтымында, иш-чарага Лондондо жарык көргөн чыгармалардын авторлору, жазуучулар жана поэма, ырларды сүйүүчүлөр катышты. Анда жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгынан тарта Гильдиянын 2018-жылдагы жетишкендиктерине чейин талкуу болду.

Жолугушуу маалында Гильдиянын мүчөлөрү жазуучу менен жакындан кантип таанышкандары тууралуу айтып беришти. Ар биринин таанышуу тарыхы ар башка: Дэвид Пэрри Чыңгыз Айтматов менен Лондондо таанышып калганын баяндады. Гульсифата Шахиди Душанбеде жазуучу менен түшкөн сүрөтүнүн тарыхын айтып берди. Нурым Тайбек болсо Чыңгыз Айтматов менен учакта таанышкан.

Иш-чаранын жүрүшүндө Альдона Групус жакында эле Евразиялык чыгармачылык Гильдиянын колдоосу аркылуу жарыкка чыккан китебинин бет ачаарын жасады. Андан кийин Гильдиянын жарык көргөн китептеринин бет ачаары болду.

Евразиялык чыгармычылык гильдия бардык чыгармачылык жаатында эмгектенген адамдарды бириктирүүгө арналган. Тажрыйба жана билим алмашууга, эл аралык сынактарды өткөрүүгө жана бир көз караш, кызыгуудагы адамдарды кошууга багытталган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18