24.kg
08:26, 14 декабря 2018, 24.kg

Экс-президенттин кол тийбестигин алчу мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү

«Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзам долбоору бүгүн, 13-декабрда Жогорку Кеңеште биринчи окууда колдоо тапты. Мыйзамга 100 депутат «макул», эки депутат «каршы» добуш берди.

Документте экс-президенттин кол тийбестигин алып салуу маселеси каралган. Мыйзамдын авторлорунун бири, депутат Курманкул Зулушев парламентте мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр боюнча баяндама жасады.

«Эгер мыйзам долбоору кабыл алынып, үч окууда өтүп калса кандай укук беребиз — силер чечесиздер. Бул мыйзам «экс-президент» макамы бар президенттерге жана келечекте экс-президент боло турган президенттерге толук иштеши керек. Бир адамдын кызыкчылыгына колдонулбай, баарына бирдей болушу керек»,  деди Курманкул Зулушев.

Жыйында депутаттар мамлекеттик кызматта турган бардык адамдар кийин кылган иштери үчүн жооп бериши керек болорун, аларды мыйзам менен коргоо туура эмес экенин айтышты.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери — «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Исхак Масалиев жана «Республика — Ата Журт» фракциясынын депутаты Курманкул Зулушев.

Эл өкүлдөрүнүн айтымында, мыйзамдын экс-президенттин кол тийбестиги тууралуу 12-беренеси Конституцияга жана айрым нормаларга карама-каршы келет.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18