24.kg
17:55, 13 декабря 2018, 24.kg

Депутаттар Унаа жана жолдор министри кызматтан эмнеге кетпей жатат дешүүдө

Жогорку Кеңештин депутаттары эмне үчүн Унаа жана жолдор министри Жамшитбек Калилов кызматтан кете элек деп кызыгышууда. Бул тууралуу депутаттар отурумда айтып чыгышты. 

Абдывахап Нурбаевдин айтымында, министрликте кыжырды кайнаткан окуя катталды. Министрдин орун басары пара алып жаткан жеринен кармалды, бирок өкмөт башчы Жамшитбек Калиловду азыркыга чейин кызматтан кетире элек.

«Премьер-министр дагы бул ишке тийиштиги бардай таасир калтырууда», -деди депутат. Жамшитбек Калиловдун министр болуп калууга моралдык укугу жок деп эсептейт ал.

Аны депутат Алтынбек Сулайманов колдоп чыкты. Айтымында, тергөө кандай жүрүп жатканын жана жыйынтыктары кандай болгонун билүү үчүн маалыматты сурашы керек.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18