24.kg
16:45, 13 декабря 2018, 24.kg

Адамды уурдаганга шектелип издөөдө жүргөн Чүй облусунун тургуну кармалды

Адамды уурдаганга шектелип издөөдө жүргөн Чүй облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, былтыр сентябрда 25-35 жаштардагы белгисиз 7 жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүбүз деп тааныштырып, жеке ишкерди күчтөп унаага салып, Ала-Арча капчыгайына алып барышкан. Анда алар акча талап кылышкан.

Кылмышка шектүүлөр баш калаанын тургунунан 160 миң доллар талап кылып, аны барымтага алышкан. Алар жабырлануучуну өлтүрөбүз деп коркутуп, ур-токмокко алышкан. Кылмышка шектүү жарандар сабалган тургундун туугандары менен байланышып, акчаны алып келүүнү талап кылышкан.

Аталган окуяга шектүү делип 5 жаран кармалды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18