24.kg
14:35, 13 декабря 2018, 24.kg

Жарандык активисттер 2019-жылды балдар жылы деп жарыялоону сунушташты

Жарандык активисттер Кыргызстандын бийлигине 2019-жылды балдар жылы деп жарыялоону сунушташты. Бул тууралуу маалымат жыйында «Балдар укуктарын коргоо лигасы» фондунун директору Назгүл Турдубекова билдирди.

Айтымында, Кыргызстанда балдар көйгөйү реалдуу чечимдерди талап кылат. Бүгүн кыргызстандын 35 пайызын (2 миллион 312 миң) балдар түзөт. 12 миңге жакын бала интернаттарда тарбияланууда. Алардын камкордукка алынууга мүмкүнчүлүгү жок. 29,9 миң бала ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер.

«Учурда колонияда 25 бала бар. Эркиндиктен чектелген жайларда балдарды кармоо шарттары эл аралык стандарттарга туура келбейт. Өлкөдө эмгектенген балдар бар. Балдардын 11 пайызынын ата-энелеринин бирөө же экөө тең чет жерге иштегени кетишкен», -деди Назгүл Турдубекова.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18