24.kg
10:53, 13 декабря 2018, 24.kg

Караколдо базардын директоруна өрт коопсуздугунун бузулгандыгы үчүн айып салынды

Караколдогу базардын директоруна өрт коопсуздугунун бузулгандыгы үчүн 200 000 сом айып салынды. Бул тууралуу техникалык жана экологиялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 8-декабрда Караколдо 4 контейнер толугу менен күйүп кеткен. Жайында соода аянттары текшерүүдөн өткөн. Анда кемчиликтерди оңдоо боюнча акт түзүлүп, өрт коопсуздугу эрежелеринин бузулгандыгы үчүн базардын директоруна 50 миң сом айып салынган.

Бирок, кийинки текшерүү кемчиликтер оңдолбогондугун айгинеледи. Материалдар Каракол шаардык сотуна өткөрүлүп берилди.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18