24.kg
10:11, 13 декабря 2018, 24.kg

Бул акыйкатчынын оюну. Бахадыр Сулейманов Казакстандын жараны эмесмин дейт

Жогорку Кеңештин депутаты Бахадыр Сулейманов Казакстандын жараны эмес экендигин 24.kg агенттигине айтты.

Айтымында, бул акыйкатчынын чыгарган оюну.

«Менде Кыргызстандын жараны экенимди тастыктаган баардык документтер бар. Казакстандын паспорту жок. Бул тууралуу БШК жакшы билет. Мени 2014-жылы эле текшеришкен», -деди Бахадыр Сулейманов.

БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматовдун айтымында, Казакстандын тиешелүү кызматы БШКнын расмий катына жооп берүүдөн баш тарткан. Анда коңшу тарап депутаттын макулдугу жок маалымат бере албайбыз деген.

Буга чейин акыйкатчы Токон Мамытов депутат Бахадыр Сулеймановдун кош жарандуулугун БШК текшерүүгө алсын деген талап койгон.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18