24.kg
09:05, 13 декабря 2018, 24.kg

Казакстан ажырашууларды беш жылда 30 пайыз кыскартууга ниеттенүүдө

Казакстанда жыл сайын ар бир үчүнчү түгөй ажырашат, акыркы он жылдан бери өлкөдө бир жарым миллион үй-бүлөнүн никеси бузулган. Октябрда казак президенти Нурсултан Назарбаев бул жааттагы абалды өтө оор деп атап, чиновниктерге ажырашуунун санын кыскартуу чараларын көрүүнү тапшырган.

Аткаминерлер буйрукту аткарууга даяр, Казакстанда ажырашуулар менен күрөшүү иши кийинки жылдан тарта башталат.

Коомдук өнүгүү министрлигинин сайтындагы документке ылайык, өлкө боюнча «үй-бүлөнү колдоо жана тарбиялоо» борборлору ачылат. Министрлик ар түрдүү сынактарды өткөрүүнү, маселен, «эң мыкты үй-бүлөлөрдү» тандоону, никедеги бактылуу жашоо тууралуу сурамжылоо жүргүзүүнү, «бакыт рейтингин» түзүүнү пландоодо.

Программага чиновниктерден тышкары башка кесиптеги адистер дагы катышат. Психолог Лимана Койшиева баш кошо турган адамдар бири бирине төп келерин аныктоо үчүн атайын тесттен өтүшү керек деп эсептейт.

Аткаминерлер «жаштар менен иш алып барыш керек» деп жаткан маалда, казакстандык жаш үй-бүлөлөр бийликтен материалдык жактан жардам берип, үй менен камсыздоону сурашууда. Алар каржы маселелери — ажырашуунун эң негизги себеби деп эсептешет. Сурамжылоого катышкан жаш үй-бүлөлөрдүн 70% турак жайы жок кыйналып жатышканын, 60% акча тартыштыгын билдиришкен.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18