24.kg
08:29, 13 декабря 2018, 24.kg

Өзбекстан өзгөчө кооптондуруу жараткан өлкөлөрдүн катарынан чыгарылды

Жума башында АКШнын Мамлекеттик департаменти дүйнөдөгү дин тутуу эркиндиги боюнча баяндамасын жарыялады. Өзбекстан жаңы баяндамада «өзгөчө кооптондурууну жараткан өлкөлөрдүн» тизмесинен чыгарылды.

Өзбекстан бул тизмеге 2006-жылы — өлкөдө дин тутуу эркиндигинин абалы начарлап, диний ынанымы үчүн миңдеген киши түрмөгө камалгандан кийин киргизилген. Өзбекстан Кытай, Эритрея, Иран, Мьянма, Түндүк Корея, Судан, Сауд Арабия, Тажикстан жана Түркөнстан менен бир катарда жайгашкан.

Жаңы баяндамада Өзбекстан диний эркиндик принциптерин карманган өлкө катары дагы таанылган эмес. АКШ Өзбекстанды өкмөт үчүн атайын байкоого алына турган өлкөлөрдүн катарына кошту.

АКШ Мамлекеттик департаменти быйыл май айында Өзбекстанда дин тутуу эркиндигинин абалы оң нукка бурулганын кубаттап, бирок жараян өтө жай жүрүп жатканын белгилеген. Буга байланыштуу өлкө «диний эркиндикти чектеген» мамлекеттердин катарында калды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18