15:45, 12 декабря 2018, 24.kg

Чыңгыз Айтматовдун алгачкы чыгармаларынан турган китеп кыргыз тилинде чыкты

Кыргызстанда «Турар» басмаканасы жазуучу Чыңгыз Айтматовдун алгачкы чыгармаларынан турган китебин кыргыз тилинде жарыкка чыгарды. Бул тууралуу «Кыргызстандын жаңы адабияты» электрондук китепканасынын башкы редактору Олег Бондаренко билдирди.

Photo 98004

Жыйнакка «Газетчик Дзюйо», «Ашым», «Биз андан ары кетебиз», «Сыпайчы» аңгемелери киргизилди.

«Бул аңгемелерди жазуучу 1950-жылдардын башында жазган. Ал кезде жергиликтүү гезит жана журналдарга жарыяланган. Андан бери 65 жылдан ашуун убакыт өттү, бирок бул чыгармалар азыркыга чейин ар кандай себептер менен кайрадан бастырылып чыгарылбай келген», -деди Олег Бондаренко.

Китепти Мырзаян Төлөмүшев которгон, ал эми басууга адабияттаануучу Садык Алахан даярдаган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18