10:05, 12 декабря 2018, 24.kg

Өмүрбек Бабановго саясий куугунтук. Депутаттар УКМК жооп берсин дешүүдө

Жогорку Кеңештин депутаттары УКМК менен Башкы прокуратураны мурунку кесиптеши Өмүрбек Бабановго карата куугунтукка тиешелүү маалымат берүүнү чакырышты.

Депутат Максат Сабиров Жогорку Кеңештин отурумунда Өмүрбек Бабановго карата саясий куугунтук маселесин көтөрдү. Айтымында, мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин берген интервьюсунда Өмүрбек Бабановго саясий куугунтук тууралуу кеп болгон.

«Ал кылмыш ишин жапкыла деп айтты. Бизде көпчүлүгү саясий куугунтукка тушуккан. Өмүрбек Бабанов көчөдөн келген жок, ал президенттик шайлоодо 2-орунда келе жаткан», -деди депутат.

Ал УКМК менен Башкы прокуратуранын маалыматын саат түшкү 2де угууну сунуштады.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18