09:39, 12 декабря 2018, 24.kg

Прапорщиктин өлүмү. Аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгоду

Бишкек шаардык гарнизонунун Аскер прокуратурасы ЖАМКтын Коргоо жана конвоирлөө департаментинин аскер кызматкеринин өз өмүрүнө кол салуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ЖАМКтан билдиришти.

Маалыматка караганда, «Ички кызматты өтөө эрежесин бузуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Эске салсак, 30-ноябрда Беловодское айылында жайгашкан түзөтүү колониясында прапорщик өз бөлмөсүндө табелдик тапанча менен өзүн-өзү атып өлтүргөн. Анын жанынан эч кимди күнөөлөбөгүлө деп жазылган кат табылган. Кырсык болгонго чейин анын сүйлөшкөн кызы муунуп каза болгону маалым болду.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18