08:32, 12 декабря 2018, 24.kg

Майып баласын караган ата-энелер февралдан тарта айлык ала баштайт

Баласы туруктуу кароого муктаж экендиги тууралуу тиешелүү медициналык ырастамасы бар алты миң ата-эне февралдан тарта маяна ала баштайт. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев багууга жана көзөмөлгө муктаж, майып баланын жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүсүнө акы төлөөнүн шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу токтомго ноябрдын аягында кол койгон.

Токтомго ылайык, майып балдары бар ата-энелер үчүн «жеке ассистент» аттуу социалдык кызматтын жаңы түрү түзүлөт. Жеке ассистентке ай сайын финансылык жардам катары акы төлөөнүн өлчөмү минималдык керектөө корзинасынын өлчөмүнө теңдештирилди. Азыркы кезде ал 4900 сомду түзөт.

Жеке ассистент катары мыйзамдуу өкүлдөр жана башка адамдар да болору каралган. Жеке ассистент баланы багуу боюнча социалдык-тиричилик кызматтарды көрсөтүүдөн тышкары Реабилитациялоонун жеке программасын ишке ашырууда балага көмөк көрсөтөт. Жеке ассистент катары мыйзамдуу өкүлдөр жана башка адамдар да болору каралган.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча азыркы учурда өлкөдө 29,9 миң мүмкүнчүлүгү чектелген бала жашайт. Анын ичинен 6 миң бала ар дайым көзөмөлгө муктаж. Аларды караган ата-энелерине акча төлөш үчүн алдын-ала эсептөөгө ылайык республикалык бюджеттен жыл сайын болжол менен 420 миллион сом талап кылынат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18