Азербайжандын сот органдары Адамкул Жунусовду камоого жана Кыргызстанга которууга макулдук берди. Бул тууралуу24.kg агенттигине экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү агенттигинен билдиришти.
Маалым болгондой Бажы кызматынын мурдакы төрагасы (2013-2016-жж.) Адамкул Жунусов Кыргызстандан чыгып кеткенден кийин АКШда жашынып жүргөн. Декабрь башында Бакуга келет. Бажы кызматынын мурдакы төрагасына августь айынын башында эл аралык издөө жарыяланган.
Адамкул Жунусовго «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча айып тагылып, анын өлкө казынасына 166 миллион сомдон ашык зыян келтиргени аныкталган.
Ага карата 2013-жылдан 2016-жылга чейин Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын милдетин аткарып турган маалында бир катар мыйзамдарды бузуп, өлкөгө товар ташып келген ишканага мыйзамсыз уруксат кагаз берип, бажы төлөмдөрүн төлөөдө жеңилдиктерди түзүп берген деген айып тагылууда.