Москвада Чыңгыз Айтматовдун айкели ачылды
Москва шаарында Чыңгыз Айтматовдун айкели ачылды. Ачылуу аземине президент Сооронбай Жээнбеков, парламент депутаттары, Россиядагы мекендештер жана Москва шаарынын мэри катышты.
Айкел Даниловский районунда Павлов жана Подольск көчөлөрүнүн кесилишине орнотулду.