09:20, 07 декабря 2018, 24.kg

Ырчы Айжамал Кабылова жолдошу менен элдешти

Ырчы Айжамал Кабылова жолдошу Азамат менен элдешти. Ал бул тууралуу социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Белгилей кетсек, Айжамал Кабылова жолдошу менен мындан 3 жыл мурда ажырашкан. Анда алардын эки ажырым жолго түшүшү ызы-чуу менен коштолуп, эки тарап тең бири-бирине айып коюшкан.

«Ар кимдин күйөөсүн, аялын өзүнө гана кут кылсын! Бул нерсени ачыкка чыгарбай эле коёюн дегем. Бирок кээ бир үйүндө отуруп алып кыларга иши жок, күйөөсүн кызганып отурган айымдарга жооп бергим келди. Ооба, мындан 3 жыл мурда ушакчылардын, акыл үйрөткөндөрдүн айынан үй-бүлөбүз ураган! Бирок биз ал күндөрдү Кудайдын сыноосу деп билебиз. Жаманбы, жакшыбы ал эки баламдын атасы! Мындан ары алдыга койгон максаттарыбыз, келечегибиз бир! Урматтуу айымдар, эч кабатыр болбоңуздар. Менин үй-бүлөмдө баары мурдагыдан да сонун! Күч бирдикте!» — деп жазды ырчы.

Photo 97348

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18