11:34, 06 декабря 2018, 24.kg

Кытай кыргыз жарандарына туристтик виза берүүнү жандантты

Кытайдын Бишкектеги консулдук бөлүмү Кыргызстандын жарандарына жекече туристтик виза берүүнү жандантты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, ушул тапта элчилик «L» категориясындагы жекече туристтик визаларды берип жатат.

Жарандар кабыл алуу бөлүмүнө Кытай элчилигинин сайты аркылуу алдын ала жазылса болот. Ошондой эле анда керек болгон документтердин тизмеси жайгаштырылган.

Кытай элчилиги жекече туристтик виза берүүнү 2017-жылы токтоткон. Виза беш кишиден жогору турган топко гана берилчү.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18