10:40, 06 декабря 2018, 24.kg

Транспорт жана жол министринин орун басары 50 миң доллар пара менен кармалды

Транспорт жана жол министринин орун басары 50 миң доллар пара менен кармалды. Бул тууралуу УКМК маалымдайт.

Алардын маалыматында, 5-декабрь күнү министрдин орун басары акча алып жаткан жеринен кармалды.

Кармалган аткаминер ЦАРЕС 1 жана 3 коридору боюнча, Эпкин-Дыйкан, Башкууган жолдорун оңдоо долбооруна жарыялаган тендердик комиссияны жетектеген. Ал чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоп, тендерде алардын утушун камсыз кылуу үчүн акча алган.

«Чет элдик компания министрдин орун басарына 520 миң доллар бермей болгон. 120 миң долларды буга чейин алган. Акчанын калган бөлүгүн ушул жуманын ичинде алуу пландалган», — дейт УКМК.

24.kg агенттигинин билдирүүсүндө, УКМК транспорт жана жол министринин орун басары Азимкан Жусубалиевди кармады. Ал бул кызматка 2017-жылы дайындалган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18