16:58, 05 декабря 2018, 24.kg

Кадыржан Батыровдун сөөгү Кыргызстанга коюлбайт

Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Кадыржан Батыровдун сөөгү Кыргызстанга коюлбайт. Бул тууралуу айрым маалымат каражаттары билдирет.

Украинанын Одесса шаарындагы үйүндө каза болгон Кадыржан Батыровдун туугандары анын сөөгүн Кыргызстанга алып келүүнү каалашкан. Сүйлөшүүлөрдөн кийин туугандары оюунан кайткан.

Кадыржан Батыров Жалал-Абад облусунун кулуну.

Ал 2010-жылы Кыргызстанда «улут аралык жаңжалды козуткан», «жикчилдикке чакырган», «калайман башаламандык уюштурган» деген айып тагылган жана өмүр бою эркинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18