14:56, 05 декабря 2018, 24.kg

Түркия, Иран жана Германиядагы элчиликтин кызматкерли байлыгын жашырган

Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу, эки вице-консул, Бириккен Араб Эмираттарындагы, Ирандагы, Германиядагы элчиликтерде иштеген кызматкерлер, Екатеринбургдагы консул киреше жана чыгашасы тууралуу декларацияда байлыктарын толук көрсөткөн эмес. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган кызматкерлерди жоопко тартуу боюнча ТИМге сунуштама жөнөтүлдү.

Андан сырткары, Борбордук шайлоо комиссиясынын, прокуратура, сот органдарынын бир катар кызматкерлери байлыгын жашырганы белгилүү болду.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун буйругу менен 15 прокурор дициплинардык жоопкерчиликке тартылды.

Маалымат боюнча 2017-жылга карата бирдиктүү салык декларациясын 48 миңден ашык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер тапшырган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18