10:53, 05 декабря 2018, 24.kg

Кыргызстандык спортчулар салбуурун боюнча Азия биринчилигинде алтын медаль утту

Кыргызстандык эки спортчу салбуурун боюнча Азия биринчилигинде алтын медаль тагынышты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка таянсак, «Кусбеги-2018» алгыр куштардын мелдеши Алматы шаарында өттү. Ага 9 өлкөнүн спортчулары катышты.

Мелдештин «бүркүт салуу» түрүндө 70тен ашык спортчу катышып, кыргызстандык Аман Исмаилов биринчи орунду ээледи. Түгөлбай Абдыкадыров «далба ойнотуу» боюнча биринчиликти илип кетти. Ал эми Абдрасул Кубатов (куш салуу) менен Уран Жумалиев (далба ойнотуу) төртүнчү орунду ээлешти.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18