10:15, 05 декабря 2018, 24.kg

Кыргызстанда Сузак району эрте турмуш кургандардын саны боюнча алдыда турат

Кыргызстанда Сузак району эрте турмуш кургандардын саны боюнча алдыда турат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Ирина Карамушкина айтып чыкты.

Ал Саламаттык сактоо министрлигинин бул ишке карата чара көрбөгөнүн айтып айыптады. «Сузак району эрте турмуш куруу боюнча лидер болууда. Кыздарды 15-17 жашында турмушка беришет. Эмне үчүн министрлик аракет кылбайт?», -деди депутат.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, акыркы кезде жашы жете элек өспүрүмдөрдү турмушка берүү боюнча 3 факты катталган. Ведомствонун өкүлдөрү билдиришкендей, медиктер мугалимдер менен бирге окуя болгон жерге барып, текшерүү жүргүзүшкөн.

«Ата-энелер дагы бирге иш алып баруу керек. Буга диний уюмдардын өкүлдөрүн дагы кошуу керек», -дешти аткаминерлер.

Расмий эмес маалыматка ылайык, өспүрүмдөрдүн 22 пайызы никесиз төрөшөт. Расмий статистика жок.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18