15:15, 04 декабря 2018, 24.kg

Чүйлүктөр «Чым-Коргондон качып кетүү» тасмасынын аталышына нааразы болушууда

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин имаратынын алдына Чүй облусуна караштуу Кемин районунун Чым-Коргон айылынын тургундары чогулду. Алар «Чым-Коргондон качып кетүү» тасмасынын аталышына каршылыгын билдиришип, тасманы жаратуучуларга аталышын өзгөртүүнү талап кылышууда.

Чогулгандарга жолугуу үчүн министр Азамат Жаманкулов чыкты. Ал нааразы тараптын пикирин угуп, аталган маселени бир жарым сааттын ичинде чече турганын билдирди.

Маалыматка караганда, тургундар айылда тасма тартылганын билишкен эмес.

«Бизге тасманын аталышы жаккан жок, айылды негативдүү абалга түшүрүүдө. Режиссер менен байланыштык, бирок ал чара көрөйүн деген ниети жок. Тасманы тартууга оорукана менен айыл өкмөтү уруксат берген эмес», -дешет чогулгандар.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18