14:14, 04 декабря 2018, 24.kg

Ошто милиция кызматкери кызмат учурунда жол кырсыгына кабылып каза болду

Ошто 33 жаштагы милиция кызматкери кызмат учурунда жол кырсыгына кабылып, каза болду. Бул тууралуу Ош ОИИБдан билдиришти.

Маалыматка таянсак, каза болгон кызматкер Максатбек Рахманжан уулу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсү болуп кызмат өтөп жаткан. Ал 1985-жылы 18-июлда Ош облусунун Ноокат районундагы Кеңеш айылында төрөлгөн.

Маркумдун артында 3 уул, 1 кызы калды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18