13:44, 04 декабря 2018, 24.kg

Беш жылдын ичинде Өзбекстанда төрт ири ГЭС ишке берилет

Өзбекстанда беш жылдын ичинде кубаттуулугу 30 МВт ашкан төрт ГЭСтин курулушу аяктап, ишке берилет. Бул тууралуу 2024-жылга чейин өлкөнүн гидроэнергетикалык тармагын өнүктүрүү концепциясынын долбоорунда жазылган.

Долбоорго ылайык, мындан тышкары өлкөдө 16 кичи ГЭС, ошондой эле учурда иштеп жаткан 21 станция модернизацияланат.

Бул долбоорлордун бардыгын ишке ашыруу үчүн Өзбекстан 2,6 миллиард доллар жумшаса, алардын 600 миллион долларын өкмөт насыя катары алат.

Мындай жол менен өлкө жыл сайын 2,8 миллиард кВт/саатка көбүрөөк электр энергиясын алып баштоону пландап жатат. Ошол эле маалда «Өзбекгидроэнерго» ишканасынын түзүмүндөгү станциялардын жалпы саны 57ге жетип, алар өндүргөн жалпы электр энергиянын көлөмү 9,3 миллиард кВт/саатты түзүп калат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18