15:31, 04 декабря 2018, 24.kg

2020-жылдан тарта мектептерде Манастаануу сабагы окутулат

2020-жылдан тарта Манастаануу сабагы мектептерде окутулуп баштайт. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Манастаануу боюнча адиси Гүлбарчын Жумабаева билдирди. 

Photo 96886

Анын айтымында, азырынча «Манас» эпосу Бишкектеги № 5 улуттук гимназияда гана предмет катары окутулууда. Ал эми Ишеналы Арабаев атындагы КМУда гана Манастаануу боюнча адистер даярдалат.

«Манастаануу институту 2011-жылы негизделеген. Мында жалпысынан 13 окутуучу иштейт. 60ка жакын студентибиз бар. Жылына 25ге жакын студент кабыл алынып, 15-17 студент аяктайт. Ал эми Манастаануу сабагы башка окуу жайлардын биринчи курстарында өтүлөт. Манас эпосу боюнча билим алууну көздөгөн студенттер көп. Айрыкча элдик оозеки чыгармачылыкка кызыккан активдүү жаштардын саны өсүүдө», — дейт ал. 

Photo 96883

Белгилей кетсек, 5-декабрь «Манас» эпосунун күнү катары акыркы эки жылдан бери белгиленип келе жатат. Ал эпосту улуттук мурас катары сактоо, жайылтуу, даңазалоо максатын көздөйт.

«Манас» дүйнө жүзүндөгү эң чоң поэма — 500 миң 553 ыр сабынан турат. Эпос манасчы Саякбай Каралаевдин айтымындагы «Манас», «Семетей» жана «Сейтек» үчилтигинен куралган.

2013-жылдын 4-декабрында Баку шаарында Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча Өкмөттөр аралык комитеттин 8-жыйынынын чечими менен кыргыз элинин «Манас», «Семетей», «Сейтек» эпикалык үчилтиги Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастардын тизмесине катталган.

Photo 96881

«Манас» эпосунун күнүнө карата иш-чара Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында өттү. Ага белгилүү окумуштуулар, манасчылар, манас эпосун изилдөөчүлөр катышты.


Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18